Коом

Жактоочу: Нурбек Айтмаматовдун апасына өчөшкөндөр жалган жалаа менен арыз жазышкан

Учурда Кыргызстанда коррупция менен күрөш кызуу жүрүп жаткан кез.  Жыл башынан бери КР УКМК тарабынан бир топ коррупциялык иштердин бети ачылды. 12-июнда Түштүк-батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов УКМК тарабынан мыйзамсыз баю беренелери боюнча кармалган эле. Анда УКМКнын маалыматы боюнча 30дан ашык элиталык батири бар, унаа токтоочу жайлар,  ондогон автокөлүктөрдүн ээси катары сүрөттөрү менен ММК булактарына жарыяланган. Бул  маалыматтар жалган жалаа экенин айтып Нурбек Айтмаматовдун адвокаты Темирлан Кожоакматов маалымат берди.

Адвокаттын айтымында Нурбек Айтмаматовдун үстүнөн Омуракунова Индира жана Абдукаримов Алмаз атуу эки адам тарабынан Башкы прокуратуранын наамына арыз жазылган. Ошондон улам кылмышка  шектелүүчү катары кабарды УКМКга Башкы прокуратура өзү берген.

“2021-жылдын 12-июнунда  менин жактоомдогу Нурбек Айтмаматов Пайзылдаевичке  мыйзамсыз баюу боюнча Кылмыш жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту негизинде айып тагылган. Ал КР бажы кызматынын системасында иштеп жатып, мыйзамсыз мүлктөргө ээ болгону тууралуу кылмышка шектелген. Анын акыркы иштеген жери Түштүк-Батыш бажы кызматында жетекчилик кызматты аркалаган. Бул кызматта Нурбек  Айтмаматов 2021-жылдын февраль айынан баштап төрт ай гана иштеген. Ушул иштеген убактагы 4 айдын ичинде 900 000 000 сом ашыкча план мамлекетке берген. Ага чейин ал Бажы системасында 2002 жылдын сентябрь айынан жөнөкөй инспекторлук кызматтан баштап, баардык тепкичтерди басып өткөн. Негизи, Нурбек Айтмаматов жетекчилик кызматка дайындалган күндөн баштап, ага карата чабуул  башталган”,- дейт жактоочусу Темирлан Кожоакматов.

“Ал эми ага коюлган айыптар тууралуу айтсам, Нурбек Айтмаматовдун апасы Кулбаева Канымбү тээ илгери, 1991-жылдары Союз тарагандан бери эле азыркы күнгө чейин коммерциялык ишмердүүлүк менен алектенип келе жатат. Ал убагында чет өлкөлөргө каттап, 90-жылдардын башында эле Кытай, Түркия, Иран мамлекеттеринен товар алып келип сатып, бизнесин жолго койгон.  90-жылдардан баштап бүгүнкү күнгө чейин бизнесин жүргүзүп, “Royal Construction” курулуш компаниясына кошо негиздөөчү катары 33,3 % менен кирген. Башкы прокурорго берилген арызда Канымбү Кулбаеванын курулуш компаниясына тиешелүү батирлер, байлыктардын баардыгы Нурбек Айтмаматовдуку болуп жазылып калган. 

Негизи, Нурбек Айтмаматовдун үстүнөн арызданган бул эки адам жалган,далилденбеген фактылар менен көрсөтмө беришкен.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат, шек жараткан жагдайлар  иликтенет, ал  эми анын канчалык денгээлде күнөөсү, айыбы бар — аны  сот чечет.  Соттун чечими чыкмайынча биз эч нерсе айта албайбыз.

Нурбек Айтмаматовдун үстүнөн арыз жазган Омуракунова Индира деген  аял убагында  анын апасынын  курулуш компаниясында бухгалтер болуп иштеп, жасалма документтин негизинде, алдоо жолу менен өзүнүн жакын курбусуна 112м2 батирди  өткөрүп берип, кассага бир тыйын төлөгөн эмес. 78миң 890 доллар түштү  деп чек жазып берип койгон. Бирок, бул акча курулуш компанияга кириштелген эмес. Андан тышкары 12 миң долларлык “Лексус РХ-330” унаасын да мыйзамсыз ээлик кылып алган. Натыйжада жасалма чек билинип, соттук териштирүү жүрүп, акыры  Индира Омуракуновага карата 2017-жылы кылмыш иши козголуп,  КР Кылмыш жаза кодексинин 171 беренесинин 4-бөлүгүнүн, 1-2 пукнттарынын негизинде 2018-жылы анын кылмышы далилденип, Ленин райондук сотунун өкүмүнүн негизинде ал күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган. Бишкек шаардык соту да Ленин райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Себеби,  баардык күнөөлөрү далилденген. Ошол учурда Омуракунова Индира да Нурбек Айтмаматовдун апасынын үстүнөн финансы полициясына, ИИМдин тергөө кызматына  арыз жазган. ИИМдин тергөө кызматы Кулбаеванын күнөөсү жок экенин далилдеп, ишти кыскарткан. Ал эми финполиция болсо ушул ишти карап жатып, аягына чыкпай жоюлуп кетти. Ошондон улам Индира Омуракунова менен Алмаз Абдукаримов кайрадан эле Канымбү Кулбаеванын үстүнөн улам — улам доо арыз жазып, эч нерсе далилдей албай, акыры уулу Нурбек Айтмаматов тууралуу жалган көрсөтмө берип, арызданышкан.

Эскерте кетсек, Нурбек Айтмаматов убагында жыл сайын декларацияларды тапшырып турган. Декларациясында кандай байлыгы болсо баардыгы көрсөтүлгөн. Дегеле Нурбек Айтмаматовдун кандайдыр бир  өзүнүн  айлык маянасынан сырткаркы  байлыгы болсо — ал энесинин өмүр бою  иштеген бизнесинен натыйжасы. Жалгыз уулу болгондуктан апасы ага ар дайым каралашып турган. 

Апасы бизнес чөйрөсүндө жүргөндүктөн, баласынан башка эч кимиси жок болгондуктан, баардык тапкан — ташыганын уулуна жумшаган.

Нурбек Айтмаматовго апасы Кыргызстандагы алдыңкы бизнесмендердин бири болгону үчүн гана айып коюлуп, жалган жалаа жабылып жатат.  Бул жерде мындай ой келет: бай, бизнесмен тууганың,  же жакының болсо кылмышпы?

УКМКнын  Башкы тергөө башкармалыгы  бул ишти объективдүү, ар тараптуу карайт деген ишеним бар.  Ушул тергөөнүн жыйынтыгы менен менин жактоомдогу Айтмаматовго коюлган шектердин баардыгы  акыйкат тергелип, иш кыскартылат деген үмүттөмүн. Себеби мыйзам менен акыйкат иштесе ошондой тыянак чыгат.

-Айтмаматов мамлекетке 6 миллион сом төлөдү го…

-Муну дагы Айтмаматов эмес,  анын апасы төлөдү. Жалгыз уулу үчүн эне күйөт экен. Эне экен, тергөөнүн жыйынтыгын күтпөй эле депозиттик эсепке салып коюптур. Бирок, депозиттик  эсепке салып  койду дегени, бул бюджетке өтүп кетти деген сөз эмес. Себеби,  мамлекеттик бюджетке соттун өкүмү күчүнө киргенде гана, кокус күнөөлүү деп табылса ошондо өтөт. Эгер күнөөсү далилденбесе, кылмыш иши кыскарса бул акчалардын баардыгы кайра кайтарылып берилет.

-Бул иш тергелип бүтөйүн дедиби, сот процесстери качан башталат деп айтылууда?

-Азырынча соттун  качан болоору  белгисиз. Тергөө иштери аяктай элек. Жазык процессуалдык кодекси  боюнча бир жылга чейин тергөө жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк берилет. Бирок, бир жылдан ашпайт.  Тергөөдө кылмышка шектүүнүн далили табылбаса, тергөө органдары аны кыскартып койгонго да укуктары бар.

Айтмаматовго тагылган айыптагы байлыктардын ээлеринин баардыгынын бүгүнкү күндө көздөрү тирүү. Ошолордун баардыгы такталгандан кийин Айтмаматовго коюлган айып,  четке кагылып, иш кыскарат деп ойлойм.

-Нурбек Айтмаматовдун үстүнөн арызданган Алмаз Абдукаримовдун максаты эмне болгон?

— Ал эми Алмаз Абдукаримов боюнча айтсам, ал биринчиден,  Айтмаматовго аталаш тууган болуп кетет. Нурбек Айтмаматовдун апасы анын жеңеси болот. Ал өзү 2013-жылы жеңеси Канымбү Кулбаевага келип экөөбүз ортодон акча чыгарып, курулуш компаниясын иштетип, үй куралы деген сунушун айтат. Канымбү Кулбаева Алмаз Абдукаримовко миллион доллар санап берген. Алмаз акчаны алгандан кийин үй да салбай, жер да албай созуп жүрө берген. Кийин Кулбаева аны менен жолугуп, “акча кайда, иш эмне болду?” деп сураганда,  тигинде бизнеске деген акча да,  сала турган  үй  да жок болуп чыгат.  Ага чейин эле  Кулбаева  тааныштардан Абдукаримов кымбат баалуу машина, мейманкана, баасы жогору үй сатып алды деген маалыматтарды угуп калат. Ошондо гана ал шектенип, мен берген акчаны жеке өзүнө пайдаланып жатат окшойт деп ойлойт. Акыры ал жеңесин кошпой, өзүнүн гана жеке атына  жаздырган “Капитал строй инвест” курулуш компаниясынын 50 %ын  Канымбүү Кулбаевага өткөрүп берүүгө аргасыз болгон.  Бул тууралуу далай сот процесстери болуп,  чечимдер чыгып, күчүнө кирген. Акыркы чечим Жогорку Сотто болгон. Бул боюнча талаш бүткөн.

Кийин Канымбү Кулбаевага жеке өчү, таарынычы бар Индира Омуракунова менен Алмаз Абдукаримов биригип алышып, Нурбек Айтмаматовдун үстүнөн жалган жалаа менен арыз жазышкан.

Бул жерде Индира Омуракунова менен Алмаз Абдукаримовдун өчү Нурбек Айтмаматовдо эмес, анын апасы Канымбү Кулбаевада. Убагында Кулбаевага ал-күчү жетпей, мыйзам бүт бойдон ал тарапта экенин тушүнгөндөн кийин,  азыркы тапта мыйзамсыз баюу боюнча иштер абдан актуалдуу экенин көрүп, УКМКнын ишин карап туруп, кырдаалды пайдаланышып, баласынын үстүнө жалган арыз жазышкан.

Бул жалган маалымат жана куру  жалаа деп эсептейм,- деди жактоочусу Темирлан Кожоакматов.

P.S. Бул ишке тиешелүү документтердин баардыгы тиркелген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button