Коом

Ошто сууда O1 холера вибриону табылды

Ош, Араван жана Кара-Суу райондорунда сууну текшерүү учурунда O1 холера вибриону (серовар Огава) аныкталган. Бул маалыматты КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.

Министрлик табылган штамм авируленттүү экенин тастыктады — бул адамдар үчүн коркунучтуу эмес жана классикалык холера эпидемиялык потенциалына ээ эмес.

Саламаттыкты сактоо министрлиги эпидемияга каршы иш-чаралардын толук комплексин ишке ашырганын билдирди:

  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин колдонуудагы буйруктарына ылайык алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ош облусунун санитардык кызматтары маалымдалды жана ишке киргизилди;
  • координациялык органдардын кезексиз жыйындары, анын ичинде Ош шаарындагы Увам каналынын абалы боюнча;
  • Буга чейин «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда ведомстволор аралык машыгууда кызматтардын мындай кырдаалдарга даярдыгы тастыкталган.

Министрлик ошондой эле ичеги-карын инфекцияларынын алдын алуунун жөнөкөй эрежелерин коомчулукка эскертти:

-Кайнатылган же бөтөлкөдөгү сууну гана ичиңиз;

-Колду самын менен жакшылап жуу;

-Жашылча-жемиштерди жакшылап жууп, кайнак суу менен чайкаңыз;

-Курч ичеги-карын инфекциясынын симптомдору (кусуу, бош заң) пайда болсо, дароо дарыгерге кайрылыңыз.

«Аймакта эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө. Сиздерди расмий маалымат булактарына гана ишенип, элди адаштырган ушактарды таратпоого чакырабыз», — деп баса белгиледи Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Тектеш кабарлар

Back to top button