Коом

Тажик тараптын биринчи ок атканы тууралуу бардык далилдер бар — Коопсуздук кеңеши

Тажик тараптын биринчи ок атканы жана масштабдуу түрдө Кыргызстандын аймагына өткөнү тууралуу бардык далил аудио, видео материалдар бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, тажик тарап кыргыз чек ара заставасын курчоого алган.

“Курчоого калган кыргыз чек ара заставасындагы 14 жоокерибиз тирүү болуп, алтоо шейит кеткени боюнча бүгүн маалымат алдык”, — дейт ал.

Иманкулов маалымдагандай, Баткендеги көптөгөн объектилер талкаланып, өрттөндү.

“Жергиликтүү тургундар өз үйлөрүн таштап кеткенден кийин Тажикстандын жарандары: сакалчан, колдорунда куралы бар, жарандык кийимчен адамдар келип, үйлөрдү өрттөп, дүкөндөрдү тоношкан. Мунун баары катталды. Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат”, — деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button