Коом

Чет өлкөдөгү добуш берүү тилкесинин бири ишин жыйынтыктады

Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө карата Петропавловск-Камчатскидеги шайлоо тилкеси өз ишин аяктады. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.

Маалыматка караганда, бул жерде жалпы 182 жаран добуш берди. Аталган аймак Кыргызстандан беш саат алдыда.

Россия, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабиясы, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Швейцария, Франция жана башка өлкөлөрдө жайгашкан 92 шайлоо тилкесинен 8 592 жаран добуш берген.

Тектеш кабарлар

Back to top button