Ысык-Ата районунан кыз ала качууга шектелип төрт бала кармалды
2021-жылдын 19-октябрь күнү болжол менен саат 11:28 чамаларында Ысык-Ата РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Киргшелк айылынан 2003-жылы туулган кызды белгисиз бирөөлөр алып качып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Ысык-Ата РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 175-беренеси (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кыз Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирине алып барылгандыгы такталып, кыз ала качууга шектелип, 1998-жылы туулган С.А., 1991-жылы туулган Т.М., 1999-жылы туулган Т.К. жана С.М. аттуу балдар кармалышкан.Алдын ала маалыматтар боюнча, үстүбүздөгү жылдын 17-октябрь күнү жогорудагы кыз курбу кызынын үлпөт тоюнда ала качкан балдардын бири менен таанышып калган. Кийин ал бала кыздын макулдугу жок алып качып кеткени маалым болгон.Милиция кызматкерлери тарабынан кыз ата-энесине кайтарылып берилген ал эми шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.


