Окуялар
Каза болгон футболчулардын унаасы жүк ташуучу унаа менен кагылышкан

«Алайдын» каза болгон футболчулары бараткан унаа жүк ташыган унаа менен кагылышкан. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ош шаардык бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 20-январда саат 18:00 чамасында Баткен-Ош унаа жолунун Ош шаарындагы бөлүгүндө болгон. Анда “Алай” футболдук клубунун оюнчулары Асад Алимов жана Жахонгир Махмудов келе жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа Хендай Портер үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.
Эскерте кетсек, кечээ, 20-январь күнү Асад Алимов жана Жахонгир Махмудов жол кырсыгынан каза болгону кабарланган. Алар Баткендин «Нур-Баткен» командасы менен келишим түзүп келе жатканы маалымдалган.



