Без рубрики

Июнь айында айда абанын температурасы климаттык нормадан жогору ысыйт

Кыргызгидромет келерки айда абанын температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору, жаан-чачын нормадан төмөн болорун билдирди. 

Чүйдө абанын температурасы түнкүсүн 7 градустан 22 градуска чейин, күндүз 28ден 39 градуска чейин көтөрүлөт.

Таласта түнкүсүн 6…20 градуска, күндүз 22…35 градуска чейин ысыйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактары түнкүсүн 10…24, күндүз 24…39 градуска чейин ысыйт.

Ысык-Көл түнкүсүн 4…17, күндүз 17…32 градуска чейин ысыйт.

Нарында түнкүсүн 2…15, күндүз 17…32 градуска чейин ысык болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button