Коом

УКМК Ноокат райондук аскер комиссариатынын аскер кызматкери опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды

.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК Ош гарнизонунун аскер прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2026-жылдын 28-апрелинде опузалап талап кылынган акча каражаттарын алып жаткан учурда Ноокат райондук аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысы, майор С.у.М.ны кармады.
   
Кармалган С.у.М. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button