Окуялар
Дүкөндөн кийим уурдаган аял кармалды

Лейлек районунун Исфана шаарында “Мадина” дүкөнүндө сатыкта турган базар баасы 3000 (үч миң сомдук) курткасын белгисиз бирөө уурдап кеткендиги боюнча дүкөндүн ээси арыз менен милицияга кайрылган.
Бул факты Лейлек РИИБнин КБРне уурулук беренеси менен катталып, Лейлек РИИБнин милициянын уполномоченныйлары Исфана шаарынын 32 жаштагы Э.З. аттуу (аял) тургунун аныктап кармашканда жанынан “Мадина” дүкөнүндөн жоголгон куртка табылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы аял бул кылмыштан башка дагы 2 дүкөндөн күндөлүк керектелүүчү буюмдарды уурдап жүргөндүгү белгилүү болду.
Азыркы учурда уурдалган буюмдар өз ээлерине тапшырылып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы



