Коом
Бийлик Бишкекте арзан ипотекага көп кабаттуу үйлөр кандай салынып жатканын көрсөттү

“Бишкек шаарында ипотекалык негизде бериле турган турак жайлардын курулуш иши кызуу жүрүп жатат. Ордо калаада 1500 батирлүү көп кабаттуу үйлөр салынууда. Учурда котлованы казылып, бетондоо иштери жүрүүдө. Батирлер кийинки жылдын июнь-июлунда мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу тапшырылып, 4% менен 20-25 жылдык мөөнөткө берилет», — деди президенттик аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков.
Буга чейин Садыр Жапаров өлкөнүн ар бир облус борборуна жана 32 шаарында ипотекага турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнгөнүн билдирген.
@user2



