Дүйнө

Россияда дарыгер премия үчүн 13 дени сак бейтапка рак диагнозун койгон

Тула облусунун онкологу сый акы алуу үчүн 13 бейтапка рак диагнозун койгон. 

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Суворов шаарынын дарыгери бейтаптардагы онкологияны алгачкы баскычта аныктоо үчүн сый акы берилээрин билип туруп, 13 бейтапка рак диагнозун койгон. Бирок аларды иш жүзүндө дарылаган эмес.

Айыпталуучу облустук бюджеттен 39 миң рубль алган. Бирок ал күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анын унаасы жана банк эсеби камакка алынган. Прокурор кылмыш иши боюнча айыптоо корутундусун бекитип, сотко жөнөткөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button