Окуялар

Ошто өзүн атып алган 13 жашар баланын абалы айтылды

Ошто 13 жашар бала атасынын тапанчасынан өзүн атып алды. Бул тууралуу Ош облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 20-январда эртең менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылында болгон. Анда Ош облустук милициянын тергөө тобунун 50 жаштагы кызматкери, өзүнө бекитилген табелдик ок атуучу Макаров тапанчасын огу менен столго калтырып жуунганы кирип кеткен. Ошол кезде мектепке жөнөп жаткан 13 жаштагы уулу О.И. тапанчаны кызыгып колуна алып, ойноп жатып атып алган.

Ок баланын көкүрөгүнүн сол тарабына тийген. Ички органдары жабыркаган эмес.

Учурда өспүрүмдүн абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

Милиция азыр аталган факты боюнча алгачкы териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Ошто октон жаракат алган 13 жаштагы баланын абалы айтылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жаракат алган бала Ош шаардык ооруканага жеткирилген. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын травматология бөлүмүнүн дарыгери тарабынан кароо жүргүзүлүп, төмөнкүдөй маалымат беришти.

«Өспүрүм 20-январда саат 08:10до Ош шаардык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө түшкөн. Анын ички органдары жабыркаган эмес, көкүрөктүн сол тарабына ок тийген. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Аң-сезими тунук, өз алдынча кыймылдайт. Жаш баланын жараатынын оордук даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык, окуя болгон жерден табылып алынган куралга, окторго жана бир даана гильзага карата соттук-дактилоскопиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды», — деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button