Коом

Билим берүү министри Садыр Жапаровго мектептерди 12 жылдык окутууга өткөрүүнү сунуштады

Президент буга каршы эместигин айтып, бирок бир нече тактоочу суроо узатты. 

Ал мектепте окуу мөөнөтү узарып калабы деп сураган. Министр учурдагы нөлүнчү класстар биринчи класс деп аталып, жалпы мөөнөт ошол бойдон каларын айтты. 

“Бардык мектептерде азыр нөлүнчү класстар ачылган. Мамлекет аларды каржылайт. 10,11 жана 12-класстарда билим берүү кесипке багытталат. Мектепти бүткөндө сертификат алып, балким чач тарач, ширетүүчү, тигүүчү же ашпозчу болуп чыгат. Ал эми илимге кетем дегендерге өзүнчө класстар ачылат”, — деди министр. 

Жапаров мындай болгон учурда каршы эместигин билдирди.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button