Коом

Борбор калаада  Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү ачылат

Эртең, 16-сентябрда Иса Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү ондоо иштеринен кийин ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы борбордогу жолдорду жана инженердик тармактарды оңдоо иштери боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, учурда шаардык инфраструктураны жакшыртуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо жана инженердик тармактарды жаңылоо иштери уланууда.

Белгилей кетсек, учурда борбор калаада бир катар негизги көчөлөрдө капиталдык оңдоо иштери белгиленген мөөнөттөн эрте же кеч бүтүшү мүмкүн экендигин мэриядан кабарлашты.

Жолдорду оңдоо иштери жана аяктоо мөөнөттөрү:

Иса Ахунбаев көчөсү (7-Апрель – Жукеев-Пудовкин) – 25-сентябрга чейин.

Лев Толстой көчөсү (Ибраимов – К. Акиев) – 1-октябрга чейин.

Курманжан Датка көчөсү (Жибек жолу – Чүй — тротуар) – 31-октябрга чейин.

Дэн Сяопин көчөсү (Фучик – Алыкулов) – 30-ноябрга чейин.

Фучик көчөсү (Дэн Сяопин – Аска-Таш) – 30-ноябрга чейин.

Лев Толстой көчөсү (Матиев – Т. Фрунзе) – 30-ноябрга чейин.

Калинин көчөсү (Салиева – Жибек жолу) – 21-сентябрга чейин.

Абдымомунов көчөсү (Турусбеков – К. Акиев) – 25-октябрга чейин.

Ошондой эле шаар боюнча 9 көчөнүн тиешелүү жол тилкелери оңдоп-түзөөдөн өтүп, ачылгандыгын кошумчалап кетти.

Тектеш кабарлар

Back to top button