Коом

Кара-Суу районунда балдарды тоноп жүргөндөр кармалды

2023-жылдын 23-июль күнү Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну  М.Б Кара-Суу РИИБге арыз менен кайрылган. Анда да ушул жылдын 21-июлунан 22-июлуна караган түнү Кара-Суу районунун Кең-Сай айылындагы талаада белгисиз жарандар аны коркутуп,  «Айфон» 12 про телефонун, эл аралык паспортун, 2 000 сом акчасын жана башка документтерин коркуттуп, уруп, алып коюшкандыгын билдирген.  Жабырлануучу М.Б га жалпысынан 80 000 сомдук материалдык чыгым келтирилген. 

Аталган факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталып,  КРнын КЖКнын 206 беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө чараларынын жүрүшүндө  аталган кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 18 жаштагы тургуну Б.Т жана 20 жаштагы тургуну М.Д кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button