Коом

Депутат Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду «экс-президент» макамынан ажыратууну сунуштады

Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууга эмне негиз болуп бере аларын айтты .

Депутат президент Садыр Жапаровдун “кийинкиге жаман адат болбосун деп Жээнбековдун статусун калтырдык” дегенин эске салды. Бирок эл өкүлү коррупция менен аёсуз күрөш жүрүп жаткан соң баары жооп бериши керек деп эсептейт. 

Эл өкүлү Бишкек ТЭЦин реконструкциялоого $386 млн сарпталышына, кийин жарылганына Жээнбековдун күнөөсү бар деди. Ошондой эле пандемия учурунда жардам катары чет элдик донорлордон келген $600 млн дары-дармекке жумшабай башка жакка коротуп ийген деп айыптады.

Аягында Түмөнбаев азыр эки адам (Жапаров менен Ташиев) Кыргызстанды өнүккөн мамлекеттердин катарына кошом деп аракет кылып жатканын белгилеп, аларды колдоого чакырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button