Коом

Аутизм, Даун синдрому жана ДЦП менен жабыркаган балдарды коом кысымга алат

Аутизм, Даун синдрому жана балдардын церебралдык шал оорусу бар балдарды коомдогу кысымдан улам үйдө жашырып кармашат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева билдирди.

Анын айтымында, коом балдарды катуу кысымга алышат ошондуктан аларды, айрыкча айыл жерлеринде, элден жашырышат.

«Аларды эч кимге көрсөтүшпөйт, бирок бул баланын абалын ого бетер оорлотот. Анткени колдоо канчалык эрте көрсөтүлсө, реабилитация да ошончолук тез жүрөт. Мамлекет калк арасында маалыматтык иштерди жүргүзүшү керек. Эл түшүнүшү зарыл: балдарды үйдө жашыруунун кереги жок, алар болгону өнүгүү өзгөчөлүктөрү бар балдар. Ата-энелер жагдайды жана баланын абалын кабыл алышы керек — адаптация түздөн-түз аларга байланыштуу», — деди Жылдыз Садырбаева.

Ал ошондой эле мындай балдардын саны боюнча расмий статистика саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов берген маалыматтарга дал келбей турганын кошумчалады.

Ушуга байланыштуу депутат бардык өнүгүү бузулуусу бар балдарды камтыган бирдиктүү электрондук универсалдуу маалымат базасын түзүүнү сунуштады.

Ошондой эле эл өкүлү балдардын ата-энелери реабилитациялык борборлордун жетишсиздигине даттанып жатышканын, алардын саны өтө аз экенин белгиледи.

«Мындай борборлор Бишкекте гана бар. Жеке менчик борборлордо баалар абдан кымбат, бир саат болуу үч миң сомду түзөт. Жок дегенде облустук борборлордун базасында мындай жайлар болушу керек. Үй-бүлөлөр балдарын дарылатуу үчүн баарын таштап, Бишкекке көчүп келишүүдө. Реабилитациялык борборлор — бул чоң колдоо, ал канчалык эрте башталса, баланын коомдун толук кандуу мүчөсү болуп кетүүсүнө ошончолук көп мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деп баса белгиледи депутат.

Депутат Садырбаева мындай балдарга стоматологиялык кызмат көрсөтүү маселесин да козгоду.

«Мен балдардын энелери менен жолуктум, мамлекеттик стоматологиялар тарабынан тиешелүү дары-дармектер менен эч кандай жардам көрсөтүлгөн эмес. Ал эми жеке клиникаларда бир тишти дарылатуу үчүн 50 миң сом талап кылынат. Ата-энелер жөлөк пулдарды көбөйтүүнү да суранышууда. Ассистент 4900 сом, ал эми бала 8 миң сом алат. Кадрларды даярдоону күчөтүү зарыл. Мындай балдар менен иштөө үчүн дефектологдор, логопеддер жана психологдор жетишпейт, анткени бул татаал жумуш, аларды стимулдаштыруу керек», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button