Холестерини жогору адамдарга айрым мөмөлөрдү жегенге болбойт

Дарыгер, клиникалык фармаколог Любовь Селиванова холестерини жогору болуп, статин дарысын ичкен адамдарга грейпфруттун коркунучу тууралуу эскертти.
Анын айтымында, холестеринди төмөндөтүүчү дарыларды грейпфрут же анын ширеси менен кошо колдонуу боорго болгон уулуу таасирди күчөтөт. Мындай терс таасир грейпфрутту үзгүлтүксүз колдонгондо дагы күчөйт.
Ошондой эле дарыгер дары-дармек менен айрым азыктарды айкалыштырууда этият болууга чакырды. Мисалы, антикоагулянттарды (канды суюлтуучу дарыларды) ичип жүргөн адамдарга клюква жеген сунушталбайт. Себеби клюква бул дарылардын таасирин күчөтүп, кан кетүү коркунучун жогорулатышы мүмкүн.
Мындан тышкары, Селиванова көптөгөн биологиялык активдүү кошулмалардын (БАДдардын) курамында кездешкен зверобой өсүмдүгүнө да сак болууну сунуштады.
Анын айтымында, ал көптөгөн дары-дармектердин натыйжалуулугун төмөндөтөт. Алардын катарына гормоналдык контрацептивдер, вируска каршы жана ракка каршы препараттар, органдарды трансплантациялагандан кийин колдонулуучу дарылар, ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоочу каражаттар кирет.


