Коом
ӨКМге караштуу Гидрометеорология кызматынын мыйзамсыз менчиктештирилген имараты мамлекетке кайтарылды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын аймагында аянты 800 чарчы метр жер тилкеси менен КР ӨКМге караштуу гидрометеорология кызматынын мыйзамсыз менчиктештирилген имараты мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМКнын маалыматы боюнча, КР ӨКМге караштуу гидрометеорология кызматынын имараты «Б» категориясындагы стратегиялык объект болуп саналат.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча участоктун ээси кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугун мыйзамсыздыгын моюнга алуу менен объектти мамлекеттин балансына кайтарымсыз негизде өткөрүп берген.



