Коом

Бишкекте 7-кабаттан кулаган жигит көз жумду

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен жаран көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Октябрь районунда көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынын подъездинин терезесинен болжол менен 25-30 жаштагы эркек киши 1-кабаттын чатырына кулап түшүп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуя катталган жерге куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Бул тууралуу Октябрь РИИБден маркумдун аты-жөнү тактала электигин билдиришти.

«14-апрелде Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги үйлөрдүн биринин 7-кабатынан эркек киши кулаганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барып, эркек кишинин жансыз денесин аныкташкан. Кароо учурунда криминалдык тактар байкалган эмес. Факт каттоого алынган. Учурда маркумдун аты-жөнү такталып жатат»,— деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button