ДүйнөКоом

Куткаруучу Темирлан: «Кош бойлуу түрк келинин куткарганыбыз эч качан эсимден кетпейт»

Кыргызстандык 150дөн ашык куткаруучу ушул тапта жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын Кахраманмараш шаарында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатат. Андан тышкары, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөткөн кыргыз дарыгерлери да жеринде иш алып барышууда.

«Кош бойлуу түрк келинин куткарганыбызга сүйүндүм» деген КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучу-котормочусу Темирлан Жумамүдүнов куткаруу иштерини жүрүшү тууралуу баяндап берди.

Адам өмүрүнүн сакчысы Темирлан Жумамүдүнов Кыргызстандан келген куткаруучулар сегиз күндүн ичинде урандылардын астынан 5 тирүү жаранды алып чыгышкандыгын айтты.

«Кош бойлуу түрк келинин куткарганыбыз эч качан эсимден кетпейт. Биздин куткаруучулар алгач келиндин үнүн угуп, ошол жерге бардык. Келинди бир саат дегенде урандылардын астынан алып чыктык. Мен эң биринчи кирген учурумда келиндин ал-акыбалын сурадым, суу бердик. Келиндин жакындары бизге өз ыраазычылыктарын билдиришти», — дейт куткаруучу.

Темирлан Жумамүдүнов кыргыз куткаруучулары бир эмес, эки адамды келинди ичиндеги наристеси менен куткарып жаткандыктарына төбөлөрү көккө жетип, бир башкача сезимде болушкандыгын кошумчалады.

«Куткаруучу экендигиме, ушул кесипти тандаганыма аябай сыймыктандым», — дейт ӨКМдин куткаруучу-котормочусу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button