Коом

Бишкек шаарындагы 18 соода күркөсү бузуулуда

Борбор калаадагы 18 соода күркөсүн (павильон) бузуу иштери жүрүп жатат. Анын ичинен 13 объект Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде, 5 объект Шопоков-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Атай Муратбектин айтымында, жер тилкелерин берүү боюнча комиссиянын чечими менен бул объекттерге байланыштуу ижара келишимдери токтотулган. Буга чейин муниципалдык жер тилкесин бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген. 

«Айрым жарандар биздин талаптарды аткарган жок», — деди ал.

Анын айтымында, иш Бишкек мэриясынын мектептердин аймактарын көрктөндүрүү боюнча токтомуна ылайык жүргүзүлүп жатат. «Бул павильондор мектептердин жанына орнотулган. Аларды бузгандан кийин көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуучуларга ыңгайлуу шарттар түзүлөт», — деп кошумчалады Атай Муратбек.

Окуя болгон жерде айрым дүкөндөр ишин улантып жатканы аныкталды. Алардын ээлери эскертүү албаганын билдиришти. Ал эми жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы эскертүүсүз демонтаждоо иштерин жүргүзүү мүмкүн эместигин айтты. Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын Свердлов району боюнча бөлүмүнүн башчысы Темирлан Сейдашовдун айтымында, эскертүүлөр 2025-жылдын 4-октябрында 7 ишкерге берилген. Объекттер №12 мектептин жанында жайгашкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button