Коом

Бишкектеги базарларда сатылып жаткан жашылча-жемиштерге лабораториялык текшерүү жүргүзүлдү

Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору борбор калаанын базарларында сатылып жаткан жашылча-жемиштерге, мөмөлөргө жана көк чөптөргө лабораториялык текшерүү жүргүздү.

Мекеменин маалыматына ылайык, адистер кулпунай, шабдалы, өрүк, көк чөптөр жана ар кандай жашылчаларды кошкондо жалпы 67 үлгүдөгү продукцияны изилдешкен.

Анализдердин жыйынтыгында продукцияларда нитраттардын уруксат берилген деңгээлинен ашыкча көрсөткүчтөр жана гельминттердин жумурткалары табылган эмес.

Санэпидкөзөмөл борбору жакынкы убакта Бишкек базарларына келип жаткан бакча өсүмдүктөрүнө өзүнчө текшерүү жүргүзүлөрүн билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button