Окуялар

Дарыгерлер 11 жаштагы кыздын ашказанынан 1 килограмм чач алып чыгышты

Алматыда дарыгерлер чукул операция учурунда 11 жаштагы кыздын ашказанынан бир килограмм чач алып салышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Кыз тез жардам менен ооруканага жеткирилген. «Кыздын ичи ооруп, бир жума бою кусуу, табиттин жоктугу, жалпы алсыздык тынчсыздандырып жаткан. Ооруканага жаткырылганга чейин кыз ичеги-карын жолдорунун бузулушуна байланыштуу амбулатордук дарылоодон өткөн», — дейт дарыгер. 

УЗИнин жардамы менен дарыгерлер ашказандын көп сандагы массалык нерсе бар экенин аныкташкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button