Коом
Саясатчы Нурлан Мотуев дүйнөдөн кайтты

Саясатчы, коомдук ишмер Нурлан Мотуев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул маалыматты милициядан тастыкташты.
Айрым маалыматтарга караганда, ал узакка созулган оорудан кийин Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда дүйнөдөн кайткан..
Мотуев бир топ жыл журналист болуп иштеген. Андан кийин коомдук иштер менен алектенди. «Жоомарт» деп аталган элдик-патриоттук кыймылын башкарган. Өмүрүнүн соңку жылдары социалдык тармакта активдүү болуп, постторун жарыялап келген.



