Дүйнө
Өзбекстан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууга $255 млн доллар салат

Өзбекстан тарап Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча биргелешкен долбоордук компаниянын уставдык капиталына 255 миллион доллар инвестиция салат, деп айтылат Өзбекстан Республикасынын мыйзамдарынын улуттук маалымат базасынын Lex.uz сайтында.
Маалыматта «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» биргелешкен долбоордук компаниясынын уставдык капиталындагы Өзбекстандын өкмөтүнүн үлүшүнүн бир бөлүгүн түзүү Реконструкциялоо жана өнүктүрүү фондунун «Өзбек темир жолдору» компаниясына бөлүнгөн 255 млн доллар кредиттери эсебинен ишке ашырыла тургандыгы айтылган.
2024-жылы 14 млн доллар бөлүнөрү белгиленген. Насыялар 15 жылдык мөөнөткө, анын ичинде жылдык 5 пайыздык үстөк менен 7 жылдык жеңилдетилген мөөнөткө берилет.



