Коом
Д.Кутманова «Кумтөрдөгү» сот процессинин абалы боюнча коомчулукка түшүндүрмө берди

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова 17 -августта «Биринчи радионун» уктуруусунда Кумтөрдөгү сот процесстери боюнча сүйлөгөн эле.
Андан ММК булактары «Кумтөр» боюнча кошумча суроолорду беришкен.
Динара Кутмановадан сот процесси жана соттун чечими кендин ишине кандай таасир этиши мүмкүн экенин сурадык.
“Центерра” бардык жолдор менен, ошондой эле сот аркылуу да — «Кумтөрдүн» иштебей калышына аракет кылып жатат,- деди Д. Кутманова.
«Биз буга эч кандай шартта жол бербейбиз» деди ал.
Өткөн радиого берген маегинде басылманын журналисти бул тууралуу айтылган сөздү туура эмес мааниде жеткирген. Ал эми Динара Кутманова айтылган сөздөр ушундай мааниде экенин баса белгиледи.



