Окуялар

УКМК: Оштогу куралдуу кол салуунун дагы бир катышуучусу кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылдын 27-январында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылында «Тайота Ленд Крузер 200» үлгүсүндөгү унаага кол салуунун дагы бир катышуучусу, мурда бир нече жолу соттолгон КР жараны И.С.Д.ны кармады.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын 27-январында “ИГВХ” эл аралык террористтик уюмдун  мүчөлөрү акча каражаттарын алуу максатында беткап жана камуфляж кийимдерин кийип алып, Кара-Суу районунун Жым айылындагы Айткулов көчөсүндөгү N48 үйдүн короосунда турган “Тойота Ленд Крузер 200” үлгүсүндөгү унаага куралдуу кол салышкан, бирок каалаган натыйжага жетпей, окуя болгон жерден качып кетишкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button