Дүйнө
Түштүк Кореядагы авиакырсыктын себеби такталууда

Азырынча учак куштарга урунушу, ошондой эле шассинин жана тормоздук системанын бузулушу сыяктуу варианттар кырсыкка себеп катары божомолдонуп жатат.
Күбөлөр учак конордон мурун анын бир канатынан өрт чыкканын, ошол маалда куштар менен урунганын жазышууда.
Кыйраган учакта 181 жүргүнчү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, алардын экөө гана аман калган.



