Коом

Украинанын Кыргызстандагы элчиси: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Украина үчүн маанилүү

КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Украинанын Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилигинин ортосунда онлайн-конференция (видеоконференция) уюштуруу сунушталган.

Анда бизнес-планды талкуулоо жана өкмөттөр аралык мамилелердин деңгээлине чыгууну көздөгөн ишкерлердин жолугушуусун уюштуруу пландалган.

Элчи Украина санариптештирүү боюнча Европада үчүнчү орунду ээлей турганын жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан курулушун бүтүрүү өлкө үчүн маанилүү экенин белгилеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button