Садыр Жапаров Атамбаевдин дооматтарына жооп берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде Алмазбек Атамбаевдин энергетика тууралуу билдирген дооматтарын четке кагып, “энергосистема сазга батканы” боюнча кеңири түшүндүрмө берди. Президент Кыргызстанда иштеген майнинг фермаларга да токтолду.
— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич, коомчулукта актуалдуу темалар пайда болгон сайын сизден комментарий алганга аракет кылып келебиз. Бул жолу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин энергетика маселеси боюнча кайрылуусуна карата сиздин көз карашыңызды билсек дедик эле.
— Мен анын кайрылуусун окуган жокмун. Андай «былжырбай» кайрылууларды окуганга убактым деле жок. Басма сөз катчым оозеки айтып бергенинен уктум. Жооп бербей эле коёюн дедим эле. Келип калыпсың мейли жооп берейин эми. Капа болуп кайтпа.
— Рахмат. Ал киши сиздин Бишкек — Каир — Вашингтон — Бишкек сапарында учактагы убакытты пайдаланып, үч маселе боюнча кайрылууңузга реакция кылды. Тагыраагы анын ичинен энергетика маселеси боюнча сөз кылып, менин бийлигим убагында өлкөнүн энергетика тармагы өнүккөн деген ойду айткан. Ошону менен бирге азыр энергетикалык каатчылыкка көзөмөлсүз иштеп жаткан майнинг фермалар себеп деген да оюн билдирген.
Анын айткандарын энергетика министри чындыкка дал келбейт жана манипуляция деп сыпаттап, өзүнүн аргументтерин келтирди. Бирок, коомчулук үчүн Алмазбек Атамбевдин айткандарына карата сиздин жооп дагы кызык болсо керек? Өлкөдө чындап эле майнинг фермалары көппү? Сыр болбосо канча майнинг ферма бар? Алардын иштөө шарттары кандай? Экономикабызга олуттуу салым кошушабы?
– Энергетика системасы боюнча башкасы сүйлөсө да Атамбаев сүйлөбөй эле койбоптур да. Ага чейинкилер энергосистемабызды кризиске алып келген болсо, Атамбаев сазга батырган. Ошол саздан дагы деле чыга элекпиз. Кудай буюрса эмдиги жылы чыгабыз. Сөзүм куру болбос үчүн сандар, фактылар менен далилдеп берейин.
Салыштырып көргүлө.
1990-жылдан 2010-жылга чейин Энергетика министрлиги 13,6 миллиард сом же 243 миллион доллар карыз болгон.
2010-жылдан 2020 жылга чейин 123 миллиард сом же 1 миллард 323 миллион долларга жеткен. Айырма 10 эле жылда дагы 110 миллиард сомго көбөйүп кеткен. Салыштырып көрсөңүздөр.
1990-2010-ж.
20 жылда 13,6 миллиард сом карыз болсо, 2010дон 2020-жылга чейин 10 эле жылда 123 миллиард сом карыз үстүнө кошулуп жатат.
Жалпысынан 2020-жылдын октябрь окуясына чейин министрликтин карызы 137 миллард сом, же 1,5 миллиард долларга жеткен.
Ата-2 ГЭСине чейин 110 кВ аба чубалгысын жаңылоо, узундугу 57 км. Ушул тапта иштер жүрүп жатат. Бардык реконструкция боло турган аба чубалгаларынын узундугу 92 км түзөт. Ушунун баарын жакын арада бүтүшөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн иштерге жумшалган инвестициялар болжол менен 4 жылда өзүн актайт. Андан кийин жаңы орнотулган трансформаторлор, жаңы салынган линиялардын баары майнинг-сайнинги менен кошо мамлекетибиздин пайдасына, тагыраагы энергетиктерге калат. Келишим ушундай.
Биз ар бир жасап жаткан ишибизди жети эмес, жетимиш өлчөп бир кесип атабыз. Мамлекетке зыян келчү иштерден дароо баш тартабыз.
Бул майнинг мамлекетибиз үчүн болуп көрбөгөндөй пайдалуу иш. Себеби, 4-5 жылдан кийин майнинг дагы, жаңы салынган трансформаторлор менен 92 км жаңы линия дагы мамлекеттин менчигине өтөт. Линиялар азыр деле мамлекеттики.
Демек бул майнинг кимдир бирөөлөрдүн же министр менен менин кызыкчылыгым үчүн эмес, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат.
Азыр депутаттыкка талапкерлер да майнингдерди айтып чыгып, хайп кармай башташты. Иштин түпкү тамырын билбегенден кийин мурдуңарды тыкпагыла деп эскерте кетет элем.
Мен жогоруда мамлекетке кандай пайда алып келет экенин айттым.
Азыр мурдакы бийликтегилердей болуп чөнтөккө иштеген эч ким жок.
Чөнтөккө иштеген чиновниктердин тапканын кайра кайтартып, кызматтан алып атабыз. Мунун баарын эл көрүп турат. Албетте көрүп-билип туруп эле көргүсү келбегендер да бар. Бирок, алар саналуу эле деп ойлойм. Бир чети андайлар да болуп турушу керек. «Кой аксагы менен миң» деп коёт эмеспизби. Бизде демократия.
— Демек азыр эки эле майнинг ферма иштеп атат экен да?
— Ооба. Ал эки майнингден мамлекетибиз миллиондогон пайда көрүп жатканыбызга карабай экөөнү тең убактылуу жаптык.
Кеминдеги майнингди калтырып койсок болмок. Анткени, ал Россиядан импорт кылып келген өзүнүн энергиясы менен иштеп жаткан. Бирок, аны да убактылуу токтоп тургула деп сурандык.
Бизде илгертен бери көнүп калган адат бар эмеспи. Өлкө үчүн бир жакшы ишти жасап баштасаң демагог саясатчылар кыйкырып чыга калса кокуй деп коркуп кетип, ал ишти токтотуп коюшчу. Ошентип өлкөбүз алдыга жылбай эле артка кеткен.
Эмне үчүн токтотуп коюшчу. Азыр мен ойлойм, сөзсүз түрдө өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары бар болуп турса керек деп.
«Доля» деп коебуз го. Ошол кызыкчылыгы ачылып калбасын «кокуй токтотолу, эл билип калды» деп токтотуп коюшчу окшобойбу?
Биз коркпойбуз жана токтотпойбуз. Себеби, биздин жеке кызыкчылыгыбыз жок. Ошон үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы бар кайсыл иш болбосун алдыга жылдырып кете беребиз. Суук кетери менен экөө тең кайра иштей баштайт.
Башка бир дагы майнинг жок. Уруксаты, мамлекет менен келишими жок жашыруун мыйзамсыз иштеп аткан майнингдер болсо кармап, олчойто айып пул салабыз. Бул боюнча тиешелүү органдар тынымсыз иштеп атышат. Жашыруун иштеп аткан майнингдер табылса дароо кармап токтотушат.
Биздин өлкөдө майнинг иштетем деп келгендерге айтып атабыз. Азырынча кошуна же алыскы өлкөлөрдөн биздин мамлекетти аралаштырбай өзүңөр импорт алып келип иштесеңер иштей бергиле. Анткени, биз азырынча өзүбүздөн өндүрүлгөн энергияны силерге бере албайбыз, себеби өзүбүзгө жетпей жатат деп.
жатакана сыяктуу кылып коюшкан. Ошол жерге 37 миллион доллар кеткен имиш. Ал контейнерлерди чындап эсептеп келсе 37 миң доллар деле кетмек эмес. Бул маселе боюнча 2023-жылдан бери эки тараптуу комиссия түзүп иш жүргүзүп келе жатабыз.
Бирок азырынча натыйжа жок. Россия тарап менен «вазимоозачет» кылчу ар кандай иштерибиз бар. Балким ошолор менен алмашабыз деп иш алып барып жатабыз. Жыйынтыгы кандай болот көрөбүз. Акыры бир нерсе кылып кутулабыз бул карыздан да.
Бул маселе боюнча эл аралык соттон утулмак эмеспиз. Эгер Атамбаевтин башы иштесе? Ал жини менен кыйкырып-өкүрүп бир жактуу эле келишимди денонсация кылып салган.
Мындай эл аралык маселеде, дагы бир жолу баса белгилеп айтамын эл аралык маселеде ачууну эмес, акылды иштетиш керек. Өз акылың жетпесе тажрыйбалуу юристтерден кеңеш сура. Бул маселе менчик маселең эмес да. Ач кыйкырык салып эле денонсация кылып салгыдай. Бул жалпы элдин, мамлекеттин маселеси. Элдин убалы. 50 миллион доллар.
“Ачуу душман акыл дос” деп элибиз бекер айткан эмес. Бир жактуу денонсация кылаардан мурун Россия тарапка бир нече жолу претензия менен кат жөнөтүш керек эле. Силер келишимдеги милдеттенменердин бир пайызын да аткарган жоксуңар. Келишимдин мөөнөтү өтүп кетти. Иш баштала элек.
Болбосо денонсация кылабыз деп жана башка ушул сыяктуу дооматтарды жаадырып, жоопторун алыш керек болчу. Ошондон кийин анан денонсация кылса балким эл аралык соттон утулбай калат элек.
Мунун баарын жамандагандай болуп калбайын деп ушул күнгө чейин айтпай жүрдүм эле. Бекназаров айткандай «өзүңөр айттырып атасыңар да». Буга чейин бир дагы экс президенттердин атын атабадым эле. Анда-санда эле тарыхыбызда өткөн-кеткен кемчиликтерди жалпылап айтып койгонум болбосо. Эми мындан ары свет, майнинг, тышкы карыз, күбөлүк деген маселелер боюнча маек алганы келбегиле. Бул маселелер боюнча эч кимге маек бербейм. Жооп да бербейм.
Баш көтөрбөй иштей беребиз. Иштерибиз акыры жакшы жемиштерин берет. Кудай анан эл көрүп турат да. Себеби, бул маселелер боюнча буга чейин кеңири эле маалыматтарды жана отчётторду берип келдим.
Булак: «Кабар» маалымат агенттиги



