Коом

Афганистандан дагы 10 кыргызстандык мекенине алып келинди

Афганистандан дагы 10 кыргызстандык мекенине алып келинди, арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-августта, ТИМ Россия Федерациясы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Кабул — Кант багыты боюнча атайын каттам менен 10 кыргызстандык эвакуацияланды.

25-августка карата түнү Кыргызстандын 36 жараны Афганистандан чыгарылып кеткен.

Талибдердин кол салуусунан кийинки саясий кырдаалдан улам Кыргызстандын ТИМи өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ал жактагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо иши улантылып жатканы айтылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button