Коом

Нарында кен казуучу компаниянын курулуш шаймандарын уурдаган жаран кармалды

Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө 2024-жылдын 14-майында кечки маалда Солтон-Сары тилкесиндеги кен казуучу компаниянын курулуш шаймандары уурдалганы маалымдалган.
Бул факты Нарын РИИБде катталып, кылмыштын бетин ачуу максатында Нарын РИИБдин Оттук айылдык милиция бөлүмчөсүнүн, ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун күзөт кызматын көрсөтүү боюнча батальонунун кызматкерлери тарабынан тиешелүү иштер аткарылган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектүү катары Нарын районунун тургуну 1978-жылы туулган У.Ж. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Шектүүнүн айтымында, уурдалган курулуш шаймандар жолдун жээгине катылган.


Учурда бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button