Улан Ниязбеков жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды

2024-жылдын 31-январында ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2023-жыл ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү.

Анда ИИМ жетекчилиги жол кырсыктары боюнча маселелерге токтолуп, акыркы күндөрү катталган жол кырсыктары боюнча жооптуу жетекчилерге кескин сындар айтылды. Коллегиянын жыйынтыгы менен алардын ишмердүүлүгүнө баа бериле турганын баса белгилешти. Коллегиянын жүрүшүндө, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына тапшырмалар берилип, кынтыксыз аткарууну тапшырышты. Алар бири “Санарип каттам” аталыштагы программа иштелип чыгуу. Бул программанын максаты – региондорго каттаган жана шаар ичиндеги такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды иреетке салып, адам өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирген абалды жоюу болуп эсептелет. Анын ичинде:
- Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптардын алкагында, эл ташыган унаалардын бирдиктүү базасын түзүү;
- Түзүлгөн базада каттоодо турган айдоочулардын унаа башкаруусуна мониторинг жүргүзүп, жол эрежесин дайыма бузган же одоно укук бузууларга барган айдоочулардан кайрадан экзамен алуу тартибин киргизүү;
- Эл ташыган айдоочуларды атайын даярдык курстарынан өткөрүп, аларга төмөндөгү багыттар боюнча окутуп-үйрөтүүлөр өткөрүлсүн;
- Жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү;
- Жаратылыш кырсыктары жана башка коркунучтар жаралган мезгилде айдоочунун кыраакылык жөндөмүн жогорулатуу;
- Жол жүрүү шарттарын камсыздоо боюнча жана айдоочунун жеке коопсуздугун сактоо үчүн, эл ташыган унааларга видео-регистраторлорду орнотуп, телефондоруна тиркемелерди жайгаштыруу;
- Санарип технологиялары аркылуу элди заманбап тейлөө мүмкүнчүлүгүнө шарт түзүү;
“Мына ушуга окшогон таасирдүү иш-чаралар киргизилсе, жол кырсыктары бир топ төмөндөп, каза болгон жана жаракат алган жарандардын саны кескин түрдө азаят деп ишенем. Эң башкысы бул кадам, айдоочулардын же элдин жеке жашоосуна, алардын тапкан пайдасын көзөмөлдөөгө эмес, коопсуздукка натыйжалуу координация жүргүзүү болуп саналат. Унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча, дагы кимде кандай жаңы сунуштар же идеялар болсо, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына берсеңиздер болот. Жалпылап карап көргөндө, 2024-жылдын башталышы менен жол кырсыктары былтыркы жылга салыштырмалуу азайгандыгын белгилеп кетүү керек. Ушул темпти сактап, үстүбүздөгү жылы унаа кырсыктарын азайтуунун үстүндө натыйжалуу жумуштар жүргүзүлсүн”,-деп билдирди Улан Ниязбеков.



