Коом

Кыргызстан менен Британиянын ортосундагы кызматташуусу талкуулануда

КР Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулерди кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестициялык өз ара аракеттенүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

«Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана туруктуу өнүгүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button