Коом

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен ID-карталарды алмаштыруу боюнча айтып беришти

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен ID-карталарды алмаштыруу боюнча улуттук кампания тууралуу кененирээк айтып беришти.

Ведомстводон билдиришкендей, акциянын алкагында 2004-жылдын үлгүсүндөгү AN сериясындагы ID-картаны 2024-жылдын жаңы үлгүсүндөгү ID-картага алмаштырылат.

«Бул чип жок сары пластикалык түрдөгү паспорт болуп саналат. Өз кезегинде, 2017-жылдын үлгүсүндөгү биометрикалык AD-карталары алмаштырууну талап кылбайт, анткени алар бардык эл аралык стандарттарга жооп берет жана жогорку деңгээлдеги коргоого ээ», — деп айтылат маалыматта.

Кампания жарандар үчүн 2024-жылдын 1-июлдан 31-август аралыгында өлкө аймагында жана чет өлкөлөрдөгү мекемелерде аты-жөнүн өзгөртүү, жоготуу, бузуу сыяктуу себептер менен ыктыярдуу жана акысыз негизде жүргүзүлөт.

Жаңы ID-карталар биометрикалык маалыматтарды жана актуалдуу жеке маалыматтарды камтыйт, бул алардын корголушун жана пайдалануунун ыңгайлуулугун жогорулатат. ID-картаны алмаштыруу базадагы маалыматтарды актуалдаштырууга, шайлоо жол-жоболорун оптималдаштырууга жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button