Коом
«Манас» театрындагы кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түзүлдү

«Манас» театрындагы кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
Ведомстводон белгилешкендей, 9-декабрда социалдык тармактарда Кыргыз улуттук «Манас» театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар чыккан.
Аталган жагдайды жеринде тактап, объективдүү баа берүү максатында министрлик атайын комиссия түздү.
Иликтөө толук бүткөн соң, коомчулукту жыйынтыктары боюнча кабардар кылынат.



