Караколдогу аэропортто каза болгон жана жараат алган жарандарга мамлекет жардам берет

Ысык-Көл облус жетекчиси Каракол аэропортунда кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнөн кабар алды.
5-июнда Каракол шаарындагы аэропортунан оор металдар кулап кесепетинен ошол курулушта иштеп жатышкан Ак-Суу районуна караштуу Жылдыз айылынын тургуну 1981-жылы туулган Байгелдиев Азамат, Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылынын тургуну 1970-жылы туулган Осмонов Адылбек Турсунказыевич облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө оор абалда жаткырылган.
Жандандыруу бөлүмүнөн 1981-жылы туулган Байгелдиев Азамат денесинен алган жаракатынан улам ооруканадан каза болгон. Ак-Суу районуна караштуу Жылдыз айылынын тургуну 1978-жылы туулган Аманкулов Рустам Казизович окуя болгон жерден денесинен алган жаракатынан эсине келбей каза болгондугу аныкталды.
Бүгүн, 6-июнь күнү президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов кырсыкта каза болгон Жылдыз айылынын тургундарынын үйлөрүнө барып, үй-бүлө, балдары менен жолугуп көңүл айтты. Каза болгон Азамат Байгелдиевдин артында жубайы жана 3 баласы калган.
Ал эми маркум Рустам Аманкуловдун артында жубайы жана 4 баласы калган. Кырсыкта жараат алган Адылбек Осмонов учурда Ысык-Көл облустук ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу. Облус жетекчи ооруканага барып бейтаптан да кабар алды.
Облус башчысы кырсыкта каза болгон жана жараат алган жарандарга мамлекет тарабынан жардамдар көрсөтүлөөрүн белгиледи.



