Коом
Бишкек – Дели жаңы түз аба каттамы ишке кирди

Индиянын Нью-Дели шаарындагы Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортто Дели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы түз үзгүлтүксүз каттамынын ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, каттам Кыргызстандын Tez Jet авиакомпаниясы тарабынан ачылууда.

Иш-чарага Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов катышты.
Каттамдар заманбап жана ыңгайлуу аба кемелери менен жумасына бир жолу – жекшемби күндөрү аткарылат.



