УКМК: Сузак районунда 12,8 гектар аянтты ээлеген аба майданчасы мамлекеттин балансына кайтарылды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик жана муниципалдык мүлктөрдү аныктоо жана кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын алкагында стратегиялык мааниге ээ мамлекеттик айыл чарба мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады.
1978-жылы Сузак райондук «Плодородие» айыл чарба аралык бирикмесине айыл чарба авиациясы кызматтары үчүн бөлүнгөн жер тилкеси азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда жана айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойногон. Бирок, реформалар жана айыл чарба ишканаларын жоюу мезгилинде аэродром коррупциялык схемалар аркылуу мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп берилген.
Тактап айтканда, 2003-жылы Багыш айыл өкмөтүнүн М.Ж. аттуу башчысы өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы чыгып, аталган тилкени өзүнүн жакын тууганы М.С.га өткөрүп берүү боюнча мыйзамсыз токтом чыгарган.
Бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, аянты 12,8 гектар болгон көрсөтүлгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.
Учурда КР УКМК мурда айыл чарба химия системасынын ишканаларына тиешелүү болгон бардык жерлердин мыйзамдуулугун комплекстүү текшерип жатат, анын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында тиешелүү чаралар көрүлөт.



