Коом

Коррупцияга каршы күрөш уланууда. Эсептөө палатасынын “Ишеним телефону” жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, коррупциялык көрүнүштөргө, каржылык мыйзам бузууларга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, жакшыртуу, жарандардын укуктарын коргоону эффективдүү камсыздоо жана билдирүүлөргө ыкчам реакция кылуу максатында ишеним телефону тынымсыз иштеп жатканын билдирет.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкери коррупцияга аралашкандыгы же министрликтердеги, ведомстволордогу каржылык мыйзам бузуулар тууралу маалыматты Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 996 (555) 500-985 “Ишеним номерине” чалып, кабар берсеңиздер болот. Чалуулар акысыз.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын расмий сайтында «Ишеним телефондун» номери ( 996 (555) 500-985) жайгаштырылган.
«Ишеним телефону» жумуш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт, тыныгуу саат 12:00дон 13:00го чейин.

Келген билдирүүлөрдүн бардыгы милдетүү түрдө каттоо процедурасынан өтөт. Купуялуулук сыры сакталат. Ишеним телефонго калтырылган билдирүүлөр «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген мөөнөттөрдө каралат.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ишеним номери коррупция жана каржылык мыйзам бузуулар менен күрөшүүдө маанилүү ролду ойнойт. Биргеликте коомубузду коррупциясы жок чынчыл жана ачык-айкын кыла алабыз, -деп айтылат Эсептөө палатасынын  басма сөз кызматынын маалыматында.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button