Окуялар

Сузакта Lexus бакты сүзүп, эки адам жабыркады

Жалал-Абад — Казарман унаа жолунун 27-чакырымында (Октябрь айылы) Lexus 430 унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сузак районундагы кырсыктын кесепетинен унаа оодарылып, 46 жаштагы К.К. аттуу эркек жана 34 жаштагы Т.М. аттуу аял киши жаракат алышкан.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандарды тез жардам кызматы облустук ооруканага алып кеткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button