Коом

Өзгөндө 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өспүрүм кармалды

Өзгөндө 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, 14-мартта Өзгөн райондук милициясына 38 жаштагы Д.Х. (аял киши) аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда анын 9 жаштагы кызы белгисиз жаран тарабынан зордукталганы жазылган.

Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”) менен кылмыш иши козголгон.

Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн шаарынын 16 жаштагы А.О. аттуу өспүрүм кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button