Коом
Боомдо таш кулатылып, жол төрт күнгө жарым-жартылай жабылат

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 128-чакырымындагы Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук ишканасы маалымдады.
Мекеме жолдун жогоруда көрсөтүлгөн бөлүгү темир жолдун 3898-чакырымы болорун белгилеген. Анда таш түшүрүү иштери 19-майдан 23-майга чейин жүрүп, жол жарым-жартылай жабылат. Жумуш саат 09:00дөн 15:00гө чейин болот, жол тазаланган учурда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.
Ишкана элди бул багыт боюнча сапарды алдын ала пландоону эскертип, мындай аракеттер темир жолдогу коопсуздукту сактоо үчүн жасаларын кошумчалады.



