Коом
2-июнга карата аба ырайы

Дүйшөмбүдө күндүз айрым жерлерде жаан-чачын жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 26…31, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 25…30, Ысык-Көл өрөөнүндө 17…22, Нарын аймагында 14…19 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте 27…29, Ош шаарында 26…28 градуска чейин көтөрүлөт.



