Коом

АКШда жол кырсыктан 21-22 жаштагы эки кыргыз жигити каза болду

АКШнын Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарында жол кырсыгында эки кыргызстандык каза болду. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги ырастады.

Алар — 2002-жылы туулган  Б.А. жана 2003-жылы туулган Е.Т. экендиги аныкталды.

Учурда Кыргызстандын АКШдагы элчилиги тарабынан кырсыктын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралып жатат.

Америкадагы мекендештердин билдирүүсүндө, маркум мигрант жигиттер жакында эле грин карт аркылуу барышкан. Алардын бири курьер катары иштеп жүргөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button