Садыр Жапаров жана Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе Ысык-Көлдө этномаданий программа менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе бүгүн, 13-июнда, анын өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.
Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” этно-комплексинде болуп өттү.

Конокторду добулбастардын үнү менен кыргыз маданиятынын салттарын, аңчылык өнөрүн жана элдин жоокердик мурасын чагылдырган этнографиялык көрсөтмөнүн катышуучулары тосуп алышты. Андан соң кыскача концерттик программа тартууланып, анын жүрүшүндө төкмө акын коноктор менен саламдашты.
Мындан кийин мамлекеттердин лидерлери кыргыз элинин салттуу турмуш-тиричилигин чагылдырган экспозициялар жайылган боз үй шаарчасына барышып, комуз жасоо процесси, улуттук музыкалык аспаптардын көргөзмөсү, ошондой эле кийиз буюмдарын жасоо, күмүш зер буюмдарын, чопо идиштерди жана темир устачылыкты камтыган салттуу элдик кол өнөрчүлүк менен таанышышты.

Боз үй шаарчасында ошондой эле манасчынын аткаруусунда “Манас” эпосунан үзүндү айтылды.
Этномаданий программанын соңунда мамлекет лидерлерине улуттук ат оюндары жана салттуу аңчылык түрлөрү боюнча көрсөтмөлүү оюндар тартууланды. Анын ичинде бүркүт салуу өнөрү, кыз куумай, ат үстүндөгү оюндар, жаа атуу жана каскадёр-чабандестердин парады камтылган.



