Коом
Бишкектеги «Ак-Ордо» конушунда киши өлтүрүү боюнча, шектүү кармалды

3-октябрга караган түнү «Ак-Ордо» конушунда болгон эки кишини өлтүрүүгө шектүүнү милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
Шектүү 2006-жылы туулган. ЖМКлардын маалыматына караганда, аны камакка алуу анонимдүү маалыматтын аркасында болгон.
3-октябрга караган түнү «Ак-Ордо» конушунун Ынтымак көчөсүндөгү үйдө адам өлтүрүү болгондугу буга чейин маалымдалган. Көзөмөл камерасынан кылмышка шектүүнү көрүүгө болот, анын баш кийими окуя болгон жерден табылган.
Ал үйгө кирип, 1991-жылы туулган адамды жана анын 1989-жылы туулган эжесин өлтүргөн.



