Саясат

Жапаров ЖКдан айрым мыйзам долбоорлорун кезексиз карап берүүнү суранды. Тизме

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жогорку Кеңештен сот реформасына байланыштуу мыйзам долбоорлорун кезексиз тартипте карап берүүнү өтүндү.

Бүгүн Бишкекте сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтүп жатат.

Өлкө башчынын айтымында, бардык мыйзам долбоорлору жарандардын укугун коргоого арналган. Жакында документттер парламенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Жапаров төмөнкү мыйзам долбоорлорун атады:

  • «Жогорку сот жана жергиликтүү соттор тууралуу»;
  • «Конституциялык сот тууралуу»;
  • «Соттордун макамы тууралуу»;
  • «Сот адилеттиги боюнча кеңеш тууралуу»;
  • «Соттук өзүн-өзү башкаруу органдары тууралуу «.

Президент кошумчалагандай, бул мыйзамдар жаңы Конституциянын алкагында соттордун ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзүшү керек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button