Араван районунда уурулук жасап жүргөн кылмыштуу эки топтон турган шектүүлөр кармалды
2021-жылдын 17-май күнү Төө-Моюн айыл аймагынын тургуну 1966-жылы туулган Ш.А., дачасында турган базар баасы 100 000(жүз миң)сомдук темирлерин жана транспорттук жер айдоочу, арык чыгаруучу шаймандарын белгисиз атуулдар уурдап кетишкен. Ал эми 1960-жылы туулган М.А.нын өзүнүн жашаган үйүнүн алдында турган базар баасы 25 000 (жыйырма беш миң)сом турган трактордун шайманын белгисиз жарандар уурдап кетишкендиги боюнча арыз менен кайрылышкан.
Аталган факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) 2-бөлүмү менен каралган кылмыш иштин курамы бар болгондуктан, 2021-жылдын 2-июнь күнү тергөөнүн жүрүшүндө ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Ноокат районун тургуну 19 жаштагы А.А.Ж., Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 19 жаштагы А.Э.Б., Ноокат районунун тургуну 21 жаштагы А.К., Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 21 жаштагы тургуну Э.Н., Ноокат районунун тургуну 20 жаштагы Т.Т., Ноокат районунун тургуну 21 жаштагы А.О.Т. кармалышты.
Кыргыз Республикасынын Жазык -Процесстик кодексинин 98-беренесин негизинде А.А.Ж. жана А.Э.Б. Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына кигизилди. Ал эми калган кылмышка шектүүлөр үй камагына чыгарылды, учурда тергөө амалдары уланууда.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы



